Плазмалык ширетүү

Википедия дан

Плазмалык ширетүү – плазмалык жаанын багытталган агымынын жардамы менен ширетуу. Аргондук ширетүү технологиясына окшош, белгилениши PAW (Plasma Arc Welding). Жаанын температурасын жана кубаттуулугун жогорулатуу жана аны плазмалык жаага айлантуу үчүн эки процесс пайдаланылат: жааны кысуу жана ага плазма түзүүчү газды мажбурлап үйлөтүү. Жааны кысуу, аны плазматронго жайгаштыруунун эсебинен ишке ашырылат, плазматрондун капталдары суу менен муздатылат. Кысуунун натыйжасында жаанын туурасынан кесилиши кичиреет жана анын кубаттуулугу – аянт бирдигинде өтүүчү энергиянын саны өсөт. Плазмалык жаадагы температура 30 000°Сге жетет. Кысуу менен бир мезгилде плазмалык жаанын аймагына плазма түзүүчү газ үйлөтүлүп киргизилет, ал жаа менен ысып, иондошот жана жылуулук кенейүүсүнүн натыйжасында көлөмү 50–100 эсе чоңоёт. Бул плазматрондун чоргосунун каналынан газдын чоң ылдамдыкта чыгып, металлдын эришин камсыз кылат жана ширетүүдө кеңири колдонулат. Ширетүүдө аргон, гелий жана суутек пайдаланылат. Электроддун материалы – иттрий, лантан же торий менен активдештирилген вольфрам, ошондой эле гафний жана жез. Ток күчүнө жараша Плазмалык ширетүү үч түргө айырмаланат: микроплазмалуу (0,1- 25А), орточо ток менен (50-150A) жана күчтүү ток менен (150Аден жогору). Плазмалык ширетүү чоң түтүк идиштерди чыгарууда, чон тетиктерге мембраналарды жана сильфондорду бириктирүүдө, фольгаларды, термопараларды бириктирүүдө, зер буюмдарды жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]