Плазматрон

Википедия дан

Плазматрон (плазма жана...трон), плазмотрон, плазма генератору – төмөнкү температуралуу (Тден 104 К чейин) плазманын ичке агымын алуучу газ-разряддык түзүлүш. Плазматронду куруу боюнча физикалык изилдөөлөр 20-кылымдын 10-жылдарында жүргүзүлгөн. Бирок Плазматронду өнөр-жайлык жана лабораториялык иште кенири колдонуу 50–60-жылдарга туура келет. Жаалык Плазматрон электроддордон, разряд камераларынан жана плазма алуучу газ түйүндөрүнөн турат. Плазматрондор электроддордун жайгашышы, формасы жана констр. өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Жаалык Плазматрондор негизинен плазма агымын жана плазмалык жааны пайда кылгандыгына карай эки топко бөлүнөт. 1-топтогу Плазматрондо анод менен катоддун ортосунда пайда болгон плазма камерадан агым сымал чыгып турат. 2-топтогу Плазматрондо анод катары иштелүүчү нерсе алынып, катод камерада жайгашат. Жаалык Плазматрондун кубаттуулугу 102–107 Вт, плазманын камерадан чыга бериштеги температурасы 3000–25000 К, плазма агымынын ылдамдыгы 1–04 м/сек, п. а. к. 50–90%. 1970-жылдардын башында жогорку жыштыктуу Плазматрондор (индукциялык, сыйымдуулук, жалындык) пайда болду. Жогорку жыштыктуу Плазматрондо электрод жок болгондуктан, плазма таза болот. Плазматрондун кубаттуулугу 106 Вт, температурасы 104 К, агымдын ылдамдыгы 103 м/сек, п. а. к. 50–80% . Плазма агымын берүүчү Плазматрондор металлдардын бетин иштетүүдө, каптоодо, спектроскопияда ж. б. колдонулат. Плазмалык жааны пайда кылуучу Плазматрондор металл кесүүдө, ширетүүдө, эритүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]