Плазмодийлер

Википедия дан
Plasmodium bergei (Электрондук микроскоп).

Плазмодийлер (лат. Plasmodium) – мите, жөнөкөйлөрдүн гемоспородийлер түркүмчөсүндөгү уруусу – Омурткалуу жаныбарлар менен кишинин безгек оорусунун козгогучу. Плазмодийлерди безгек чиркейи (негизги ээси) - анафлекстер алып жүрөт. Ал жаныбарды чакканда (канын соргондо) шилекейи менен Плазмодийлердын спорозоиди кан тамыр эндотелийине же боор клеткаларына өтөт. Ал жерде жыныссыз көбөйүп (шизогония), бир ядролуу майда көптөгөн клеткаларды – мерозоиттерди пайда кылат. Мерозоиттер ткандарда жыныссыз көбөйүүнү бир нече жолу кайталайт же канга өтүп, эритроцитке кирип, ал жерде да шизогония жүрөт. Мында гамонттор пайда болот; эритроциттер бузулат. Алар чиркей кан соргондо ичегисине кирип, макрожана микрогаметаларды пайда кылат. Гаметалар кошулуп, зиготага, ал чиркейдин карын капталы аркылуу өтүп, ооцистага айланат. Плазмодийлердин ооцистасында 10 миңге чейин спорозоиттер пайда болуп, андан кийин ал жарылып, спорозоиттер чиркейдин дене көңдөйүнө чыгат, андан гемолимфа агымы менен шилекей безине келет. Чиркей жаныбар жана кишинин канын соргондо алар аралык ээсине жугат. Плазмодийлердин 60тан ашык түрү белгилүү. 4 түрү кишиде мителик кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]