Плазмолиз
Плазмолиз (грекче plasma – чапталып жасалган, формага келтирилген жана lysis – эрүү, бөлүнүү, бузулуу) – өсүмдүк клеткасынын суусун көп жоготкондо цитоплазманын көлөмү кичирейип (чүрүшүп), кабыктан ажырашы. Клетканы гипертониялык (осмос басымы клетканыкынан жогору) эритмеге салганда, клеткадан суу диффузияланып, сырткы эритмеге чыгат да, кабык менен протопластын ортосунда боштук пайда болот. Плазмолиз – тургорго карама-каршы кубулуш. Негизинен бул кубулуш тирүү гана клеткаларда жүрөт. Айбанат клеткасын гипертониялык эритмеге салганда жыйрылат. Протоплазманын ажырашынын ылдамдыгына жана деңгээлине жараша, Плазмолиз бир нече түргө бөлүнөт. Узак убакыт Плазмолизге дуушар болгон клетка өлөт, кээ бир учурда тирүү калат, аны суу же гипотониялык (осмос басымы клетканыкынан төмөн) эритмеге салганда баштапкы калыбына келет, бул кубулуш деплазмолиз деп аталат. Плазмолиз эксперименттик цитологияда жана өсүмдүк физиологиясында осмос басымын, сугаруу мөөнөтүн, клеткалардын өткөрүмдүүлүгүн ж. б. изилдөөдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9