Плакор

Википедия дан

Плакор (грекче plax – тегиздик, түздүк) – тегиз же бир аз жантайыңкы мейкиндик. Бул жерде жер астындагы суулар тереңдикте жайгашып, топуракты жууп кетүү же аккумуляция процесси жоктугу менен мүнөздөлөт. Анын негизинде топурак жана өсүмдүк катмары табияттын зоналык мүнөздөмөлөрүн толук түрдө айкалыштырат. Мисалы, дан өсүмдүктөрү менен түрдүү чөп өсүмдүктөрүнүн кара топуракта жайгашышы ж. б. Терминди алгач 1909-ж. орус географы жана топурак таануучусу Г. Н. Высоцкий киргизген. Геоботаникалык жана топурак изилдөөлөрдө кеңири пайдаланылат (Плакор өсүмдүктөрү ж. б.). Плакор топурак жана өсүмдүктөр боюнча ландшафттык зоналардын негизги мүнөздөмөлөрүн берип, географиялык зоналардын чек араларын аныктайт. Ал илимий гана эмес, айыл-чарба, токойчулук, гидротехника ж. б. тармактарда чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]