Планеталык кыймыл өткөргүч

Википедия дан

Планеталык кыймыл өткөргүч, дифференциалдык кыймыл өткөргүч – сателлиттер (кыймылдуу октуу жана татаал кыймыл жасоочу тиштүү дөңгөлөктөр) менен туташтырылган цилиндр, конус формасындагы тиштүү дөңгөлөктөр менен айлануу кыймылын берүүчү механизм. Сателлиттердин огу бекитилген кыймылдуу звено ээрчиткич (водило) деп аталат. Сателлиттер механизмдин огун тегеренип айлана турган же кыймылсыз бекитилген борбордук тиштүү дөңгөлөктөр менен илинишип турат. Планеталык кыймыл өткөргүч жарыш же кесилүүчү эки окко айлануу кыймылын берүү үчүн же сателлит менен бириккен жумушчу органын бир тегиздикте жарыш кыймылга келтирүү үчүн колдонулат. Планеталык кыймыл өткөргүч өлчөмү кичине механизмдер көбүрөөк кыймыл берүү катышын (санын) жана жогорку пайдалуу аракет коэфинцентин бере алат. Планеталык кыймыл өткөргүч порт машиналарында, станоктордун кыймылга келтиргичтеринде, жүк көтөргүч машинада, эсептеп-чыгаргыч ж. б. түзүлүштөрдө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]