Планиметр

Википедия дан

Планиметр (лат. planum - тегиз жер жана ...метр) - туура эмес формадаты жалпак фигуралардын аянтын так өлчөгуч математикалык прибор.

Планиметр сызыктуу (багыттагычы түз сызык), уюлдуу (багыттагычы айлана), радиалдуу (чекит) болуп бөлүнөт. Уюлдуу Планиметр уюлдуу жана жылдырылма эки рычагга ээ, алар бири-бири менен В чекитинде шарнир менен биригишкен.

Жылдырылма рычагдын бир учуна бекитилген штифт аянты эсептелинүүчү фигуранын контуру боюнча жылат. Уюлдуу рычагды О чекитинин айланасында айландырууга болот. Интегралдоочу ролик эсептөөчү механизм менен атайын тележкада жайгашкан, тележка жылганда жылдырылма рычагдын узундугу өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.