Планёр

Википедия дан

Планёр (французча planer – калкуу) – абадан оор, моторсуз учуучу аппарат. Планёрдун кыймылы да самолёттун учуу закондоруна негизделген. Азыркы Планёр орундарынын саны боюнча бир, эки жана көп орундуу, арналышы боюнча үйрөнүү-машыгуу үчүн, транспорттук жана спорттук болуп айырмаланат. Биринчи Планёрду француз матросу Ж. Ле Бри 1868-ж. куруп, сынаган. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) Планёр десант ташыгыч катары кеңири колдонулган. Азыркы Планёрдун негизги конструкциялык материалы катары дюралюминий жана айнекпластик колдонулат. Планёр түрдүү жолдор менен учурулат. Транспорттук Планёр жүк ташыганга арналып, учак менен сүйрөтүлөт; спорттук Планёр – учак сүйрөөчү, трактордук ороп тартма (лебедка), созулуучу резина амортизаторунун жардамы менен учурулат. Планёр эркин учканда жантык траектория боюнча өзүнүн салмагынын таасиринде конот, ал эми көтөрүлүүсү аба агымынын жардамы менен ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]