План (архитектурада)

Википедия дан

План (архитектурада)

1) белгилүү масштабда аткарылган имараттын (же бир этаждын, же бир үй ичинин), имараттар комплексинин, бүтүндөй элдүү пункттун же анын бир бөлүгүнүн горизонталь проекциясынын графикалык сүрөтү.

Планда кызматына жараша дубалдын жана түркүктөрдүн конструкциялары, интерьерде эмеректердин коюлушу, курал-жабдыктардын жайгаштырылышы, өндүрүш имаратындагы техникалык процесстердин жана аймакты жашылдандыруунун схемасы, шаардык транспорт тоомунун схемасы ж. б. көргөзүлөт. План адатта курулуштун формасын жана конфигурациясын мүнөздөйт

2) Имараттын негизги бөлүктөрүнүн же ансамблдин жер дергээлинде (ар кыл дергээлдеги татаал рельефте жайгашкан кеп кабаттуу имараттарда, комолекетерде) жайгашкан мүнөздөмөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.