Пластилин

Пластилин (французча plastiline) – скульптуралык жабыштырып жасоо үчүн пайдаланылуучу материал, ажайып кошундудагы жумшак ийкемдүү масса. Ал тазартылган, кылдаттык менен майдаланылган жана мом менен боёочу заттардын кошундусунан турат. П. көп учурда убактылуу көмөкчү материал катары колдонулат (мисалы, эскиз жасоодо); төмөнкү температурада эритилген жана жумшартылган негизги материал катары (майда пластика үчүн гана колдонулат) ал сейрек колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004