Платов Матвей Иванович

Википедия дан

Платов Матвей Иванович ((17). 8. 1751- 3(15). I. 1818, Новочеркасск ) - дондук казак аскерлердин атаманы (1801- жылдан), атчан аскер генералы (1809- жылдан), граф (1812-жылдан).


  • Адегенде жүз башы, 1771-жылдан полк командири.
  • 1775-ж. Е. И. Пугачёв башкапган дыйкандар согушун басышкан.
  • 1782- 83-ж. Кубанда жана Крымда А.В.Суворовдун карамагында кызмат өтөгөн.
  • Орус-түрк согушунда (1787-91) Очаковду (1788), Измаилди (1790) алууга катышкан.
  • 1797-ж. заговор уюштуруп жүрөт деген шектенүү менен Павел I аны Костромага айдатып, кийин Петропавловский чебине каматкан.
  • Андан 1801-ж. бошонуп, адегенде дондук казак аскерлердин атаманына башкы жардамчы, көп узабай атаман болгон.
  • Ата-Мекендик согуш (1812) убагында баатыр катары таанылып, 1813-1814-ж. кампанияларга активдүү катышкан.
  • 1814-жылдан Оксфорд университетинин ардактуу доктору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.