Плацента

Википедия дан

Плацента (латынча placenta, грекче plakus), баланын орду – айрым омурткасыз жаныбарлардын жана көпчүлүк хордалуулардын, бардык сүт эмүүчүлөрдүн түйүлдүгүнүн жатында өөрчүү мезгилинде эне организми менен түйүлдүктүн ортосундагы байланышты жана зат алмашууну ишке ашыруучу орган. Айбандарда чөп, адамда тон деп аталат. Омурткалуу жаныбарларда Плацента аркылуу түйүлдүк кычкылтекти, ошондой эле эненин канынан азык заттарды алып, ага ажыроо продуктуларын, көмүр кычкыл газын (С02) бөлүп чыгарат. Түйүлдүккө ар түрдүү заттарды берип туруу менен бирге тосмо функциясын да аткарат. Анда эне организмине таасир кылуучу гормондор синтезделет. Сүт эмүүчүлөрдө Плацента хориондун (түйүлдүк кабы) жатындын бети менен кошулушунан пайда болот. Плацента тканынын структурасы түйүлдүктүн өөрчүү стадияларына жараша болот. Айына жеткен баланын тону жалпак диск сымал бала ордунан, түйүлдүк кабынан жана киндик чылбырынан турат. Плацента киндик аркылуу киндик чылбыры менен энеден түйүлдүккө азык заттар жана кычкылтек келет, ал эми зат алмашуу продуктулары чыгарылат. Анда витамин, ферменттер болуп, гормондор, медиаторлор синтезделип турат, ошондой эле организмдин кош бойлуулукка көнүшүнө жардам берет. Организмге келген кээ бир терс таасирлерди өткөрбөй, физиологиялык тосмо кызматын аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]