Плебейлер
Плебейлер (латынча plebs – карапайым эл дегенден) – Байыркы Римдеги эркин калктын бир катмары. Б. з. ч. 3-кылымда Плебейлер уруулук коомдон тышкары туруп, жамааттык жерден пайдаланууга укуксуз болгон. Жеке менчикке жер алышып, кол өнөрчүлүк, соода менен кесип кылышкан. Плебейлер патрицийлерге каршы күрөштүн натыйжасында (б. з. ч. 5–3-кылымдарда) рим элинин курамына кошулган жана саясий, жарандык укукка жетишип, кулчулуктан кутулган. «Плебейлер» термини б. з. ч. 3–2-кылымдарда теги ак сөөк эмес толук укуктуу жарандарды туюндурган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9