Плейстон

Википедия дан

Плейстон (грекче ple'usis – сүзүү, plein – сүзүп жатам) – суунун бетинде калкып жүргөн же сууга жарым-жартылай кирип турган өсүмдүк менен жаныбар организмдери. Негизинен тропик алкакта таралган. Алар суунун үстүндө калкып жүрүшөт. Газ камераларынын, көбүк чыгаруучу жана суу бетинде жылууга мүмкүндүк берүүчү органдарынын жардамы менен Плейстон өсүмдүктөрү кычкылтекти суудан жана атмосферадан (саргасс балырлары) сиңирип алышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]