Плеоназм

Википедия дан

Плеоназм (грек. pleonasmos – ашыкча, ашкере) – айтымдын лексикалык же грамматикалык маани-маңызын билдирүүдө көркөм каражаттардын ашыкча көп колдонулушу.

Ал лексемалардын кайталануусунан же синонимди алмаштыруулардан, ошондой эле кыскача түшүндүрүүгө мүмкүн болгон нерсени кеңири түшүндүрүүдөн байкалат. Плеоназм сүйлөмдүн чегинде, ошондой эле контексттин алкагында ишке ашырылат.


Табияты боюнча Плеоназм эки түрдө болушу мүмкүн:

  • 1) тилдик система же норма менен шартталган милдеттүү П.;
  • 2) айтымдын экспрессивдик максаты менен шартталган факультативдик, стилистикалык Плеоназм Фольклордо плеонастикалык эпитеттер жана салыштыруулар туруктуу поэтикалык формулаларга чейин өнүгөт. Плеоназм түшүнүгү антикалык риторикада эле пайда болуп, айрым стилистикалык фигураларды камтыган. Плеоназм түшүнүгү менен тавтология түшүнүгү тыгыз байланышта болуп, тавтологияны кээде Плеоназмдын бир түрү катары карашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4