Плиев Исса Александрович

Википедия дан

Плиев Исса Александрович (12 (25). 11. 1903 -7. 2. 1979, Москва)- советтик аскер начальниги, армиянын генералы (1962), эки жолу Советтик Союздун Баатыры (1944, 1945).

  • МЭРдин баатыры (1971).
  • 1926-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1922-жылдан Советтик Армияда. Ленинград атчандар мектебин (1926), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1933), Генштаб Аскер академиясын (1941) жана Генштаб аскер академиясын жогорку академиялык курсун (1949) бүтүргөн.
  • 1936-38-ж. монгол Элдик-революциячыл армиясында кеңешчи. Улуу Ата Мек. согушта атчандар дивизиясына, 2-3-4-гвардиялык жана 5-атчандар корпусуна, 1944-жылдан 1-гвард. аттуу-механикалаштырылган топко командачы.
  • Плиев Москва, Сталинград салгылаштарына, Одесса, Белоруссия, Будапешт, Прага операциясына жана импер. Японияны талкалоого катышкан.
  • Согуштан кийин жооптуу кызматтарда.
  • 1958-жылдан Түндүк Кавказ аскер округунун командачысы.
  • 1961-жылдан СССР Коргоо министерствосунда жооптуу кызматта.
  • 1961- 66-ж. КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат.
  • СССР Жогорку Советинин (2-7шайл.) депутаты.
  • Алты Ленин ордени, башка 7 орден, медалдар жана чет элдик 9 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.