Плотина

Википедия дан

Плотина, тогоон, суу деңгээлин көтөрүү, суу басымын жогорулатуу жана суу сактагыч түзүү максатында дарыяны тосуп курулган гидротехникалык курулма. Ал суунун денгээлин бийиктетип, кеме жүргүзүүгө, карагай агызууга, сугат үчүн корук түзүүгө, энергия өндүрүүдө суу агымынын урунуш басымын көбөйтүүгө, дарыяда суу тартылганда сууну көбөйтүп жана суу киргенде азайтып жиберип турууга мүмкүндүк түзөт. Плотинанын констртрукциясы анын өлчөмүнө, жергиликтүү шартка жана негизги курулуш материалдарына карата аныкталат. Арналышына жараша суу сактагыч жана суу көтөргүч болуп бөлүнөт. Гидротүйүндүн курамында аткарган ролуна жараша тосмо, суу агызма жана станциялык Плотина болуп айырмаланат. Жасалган материалдын түрүнө жараша топурак, таш, бетон жана жыгач Плотина деп аталат.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

плотина

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]