Плотников Николай Сергеевич

Википедия дан

Плотников Николай Сергеевич (24. 10(5. 11). 1897-11 январь, 1983) - орус совет актёру, СССР эл арт. (1966).

  • 1954-жылдан КПСС мүчөсү.
  • МХАТ мектебинде (1922-26) окуган.
  • МХАТтын 4-студиясында (1922-34), Революция (1934-36), Кызыл Армиянын Борбордук театрларында (1936-38), Вахтангов атындагы театрда (1938-жылдан) иштеген.
  • Плотников - негизинен комедиялуу, мүнөзү курч ролдорду аткарган кең диапазондуу актёр. Ал В. И. Лениндин ролун (Н. Погодин, «Мылтыкчан киши») аткарган. Көрүнүктүү ролдору: Шмага (А. Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Сердюк (А. Арбузов, «Иркутск окуясы») ж. б.
  • Кинодо тартылып («Сенин замандаш», 1968), Ниточкиндин ролу үчүн Карлови-Вариде Эл аралык кино фестивалда сыйлык алган. Плотников жөнүндө «Николай Сергеевич Плотников» (1972) деген телефильм бар.
  • Плотников Мосфильмдин актёр мектебинде (1935-37), ВГИКте (1937-39), ГИТИСте (1932-51; 1946- жылдан доцент) сабак берген.
  • СССР мамлекеттик сыйлыгы (1947), РСФСРдин К. С. Станиславский атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1970) лауреаты.
  • Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.