Плювиограф

Википедия дан

Плювиограф (латынча pluvia – жамгыр жана ...граф) – жаан-чачындын өлчөмүн, ургаалдуулугун жана узактыгын өзү каттоочу (жазуучу) аппарат. Плювиограф аянты 500 см2ге барабар цилиндр калыбындагы кабыл алуучу идиштен турат. Жаан суусун кабыл алуучу идиштен (1) түтүкчө (2) аркылуу суу жыйнагыч камерага куюлуп, жебе (3) менен туташ калкыгычты (4) жылдырат. Камерага суу толгондо калкыгыч калкып, сууну сифон (5) аркылуу чакага (6) куюучу механизмди ишке киргизет. Маалымат саат механизми боюнча айлануучу барабанга бекитилген атайын тасмага жазылат. Графиктеги тик сызыктар убакытка, горизонталь сызыктар түшкөн жаан-чачындын өлчөмүнө туура келет. Жазуу тасманын төмөнкү четинен (нөлдөн) башталат; камера толгондо (10 мм өлчөмдө түшкөн жаанчачын) жазгычтын учу тасманын жогорку четине жетип, суу төгүлөт да жазуу кайрадан нөлдөн башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]