Плёнка айнек

Википедия дан

Плёнка айнек, айнек плёнка – ийилгич жука (калыңдыгы 10–200 мкм) жалпак айнек. Жумшарганга чейин ысытылган кадимки эле такта айнекти чоюу же формага салуучу түзүлүш аркылуу жогорудан төмөн карай айнек массасынын эритиндисин үзгүлтүксүз созуп өткөрүү менен алынат. Плёнка айнектин мехникалык бекемдиги калың айнектин бекемдигинен бир нече эсе жогору. Плёнка айнек ысыкка чыдамдуулугунун жана жарык өткөргүчтүгүнүн жогорулугу менен мүнөздөлөт. Электр изоляциялоочу жана атайын жогорку температуралуу кагаз, жогорку жыштыктуу конденсатор, микроскоптор үчүн айнектерди даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]