Пневматолиз

Википедия дан

Пневматолиз (грекче pneumatos – желдөө жана lusis – ажыроо, эрүү) – магмадан бөлүнүп чыккан женил (учма) бирикмелердин тоо тектерге тийгизген таасиринен минералдардын пайда болуу процесси. Буунун, В, Р, S, As бирикмелеринин, калай, вольфрам, бериллий, литий ж. б. элементтердин фториддери менен хлориддеринин магмага жанаша жаткан тоо тектер менен өз ара аракетинен Пневматолиз жүрөт. Көбүнчө кычкыл (гранит), кээде щелочтуу жана негиздүү интрузия тектери жаткан жерлерде пайда болуп, айрым учурда Пневматолиз кендерин пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]