Пневмоавтоматика

Википедия дан

Пневмоавтоматика (грекче pneuma – желдентүү, аба жана автоматика) – газдын (абанын) басымы менен информация бериле турган автоматтык башкаруу системасын түзүү үчүн керектелүүчү техникалык каражаттар комплекси; автоматташтыруунун газ басымы менен иштей турган техникалык каражаттарын үйрөтүүчү предмет. Пневмоавтоматиканын техникалык түзүлүштөрү жайыраак аткарыла турган процесстерде жана башкаруу алгоритмдерин берүү үчүн эсептөө көп эмес учурда пайдаланылат; Пневмоавтоматиканын каражаттары технол. процесстерди башкаруучу системаларда керектелет. Мында автоматиканын электрондук каражаттарынын ордуна пневматикалык каражаттар тандалып алынат. Анткени электрондук приборлорго караганда Пневмоавтоматика жарылып же күйүп кетпейт, өнөр-жай имараттарындагы таза эмес абада, күчтүү электр-магнит талаасында үзгүлтүксүз иштей берет. Пневмоавтоматикада колдонулуучу пневматикалык каражаттар маалымат чогулткуч түзүлүш (пневматикалык билдиргичтер, ажыраткычтар), маалымат өзгөрткүч жана сактагыч (пневматикалык жөндөгүч, оптималдаштыргыч, эсептегич аналогдуу түзүлүш, реле системасы), маалымат бергич (каттоочу түзүлүш, индикатор) жана маалымат башкаргыч, таасир өткөргүч (пневматикалык аткаргыч) катары кызмат аткарат. Пневмоавтоматика химиялык жана нефть иштетүүчү өнөр-жайында, нефть, газ жана көмүр казуучу ишканаларда жана өнөр-жайыдын башка тармактарында автоматташтыруунун негизги каражаттары катары кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]