Пневмокониоздор

Wikipedia дан

Пневмокониоздор (грекче pneumon – өпкө жана konia – чаң) - өндүрүш чаңы менен узакка дем алуудан пайда болгон өпкөнүн өнөкөт кесип ооруларынын тобу. Адатта тоо-кен, таш көмүр, пахта, кенаф ишканаларында ж. б. тармактарда иштегендер ооруйт. Мында негизинен дем алуу органдары жабыркайт. «Пневмокониоздор» терминин алгач 1866-ж. немец врачы Ф. Ценкер сунуш кылган. Дем алган чанга жараша Пневмокониоздордун бир нече түрү белгилүү. Кремний кош кычкылынан – силикоз, таш көмүр чаңынан – антракоз, пахта чаңынан биссиноз пайда болот. Оору көбүнчө өнөкөт өтөт. Катуу кармаган түрү сейрек кезигет. Оору оорулуунун абалына, жумуш шартына, организмдин жеке сезгичтигине, чаңдын түрүнө ж. б. себептерге жараша өтөт. Пневмокониоздордун ар бир түрүнүн клиникалык белгилери ар башка болуп, башталышында көкүрөк ооруп, кургак жөтөл пайда болот. Андан кийин өпкө, жүрөк начарлайт. Көп учурда дем алуу жолунун былжыр чели өзгөрүп, карын жана уйку безинин иши, зат алмашуу бузулат. Ал кабылдап, өпкөнүн сезгенишине, кургак учукка, өнөкөт бронхитке, бронхоэктазга алып келет. Оорунун диагнозун врач коюп, дарылайт. Дарылоо негизинен иштеген жердеги чаңды азайтууга багытталат, организмдин иммунитетин жогорулатууга көцүл буруу зарыл. Дем алуу органдарына атайын көнүгүүлөрдү жасоо, диета, антибиотиктер, витамин, айрым учурда кортикостероид гормондору колдонулат, курортто дарылануу сунуш кылынат. Ооруну алдын алууда ишканада чаңды азайтуу, эмгек гигиенасына көңүл буруу, жеке коргонуу каражаттарын колдонуу, чаңдуу ишканаларда иштегендерди медициналык кароодон өткөрүү оорунун андан ары күчөшүнүн алдын алат. Оорулууну чаңсыз ишке которуу талапка ылайык.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]