Победа (Кондитердик фабрика)

Википедия дан

Победа (Кондитердик фабрика) - 1999-жылы уюштурулган, шоколад менен кондитердик азыктарды өндүргөн, шоколад плиткалары жана шоколад конфеталары менен белгилүү болгон орус компаниясы. Анын негизги соода маркалары - «Победа вкуса», «Мишки в лесу», «Соната», «Птица счастья».

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Победа» кондитердик фабрикасы 1999-жылы Виталий жана Ольга деген Муравьев жубайларытарабынан Москва шаарында негизделген. 2000-жылы Москва облусундагы Егорьев районунун Клеменово деген айылында биринчифабрика курулган. Фабриканын биринчи азыктары белек кутусунда чыгарылган «Ассорти» деген шоколад конфеталары болгон. 2001-жылы «Горький 72% какао» деген шоколад өндүрүлүп, абдан белгилүү болуп калган. Фабрика ачылган биринчи күндөн бери Муравьев жубайлары эң жакшы даам менен айырмалана турган жогорку сапаттуу азыктарды табигый какаодон гана өндүрүүгө чечим кылышкан. Бул чечим — даамдуу гана азыктарды өндүрүү - компаниянын «Победа вкуса» деген урааны менен соода маркасына айланган.

Фабрика ачылгандан кийин азыктар тизмеги «Мишки в лесу» жана «Соната» деген шоколад конфеталары менен толукталган. Даамдуу шоколад жана конфеталар тез эле популярдуу болуп калган. Аларды сатып өткөрүүдөн пайда компаниянын өнүгүшүнө түрткү болгон жана экинчи фабриканы курууга инвестициялоого мүмкүнчүлүк берген.

Экинчи фабрика 2008-жылы Москва облусундагы Егорьевск шаарында ачылган. Ушул заманга чейин «Победа»нын классикалык жана марципан менен шоколад трюфельдери көпчүлүккө таанылган. Сатуулар көбөйүп турган жана компания өз азыктары үчүн жаңы рынокторду ачып жаткан. 2012-жылы стевия деген канттын ордуна жароочу табигый нерсе менен шоколад чыгарылган. Кантсыз шоколаддын даамы кант менен шоколаддан айырмаланбай, өз табигый даамын сактап калган. Бул болсо диабет азыктарын сатып алуучуларды гана эмес, туура жашап жүргөн адамдарды да тартууга мүмкүнчүлүк берген.

2010-2014 - жылдары компания негизги каражаттарга, өндүрүшкө жана өндүрүштүк аянттарга инвестиция кылган. Ушул эле жылдары «Победа»нын ассортименти жаңы азыктар менен толукталган, алардын ичинде «Птица счастья» конфеталары, «Шмелькино брюшко» жана «Все и сразу» мармелады , «Toffee» жана «Funny cows» конфеталары бар. «Победа»нын даамы жана сапаты менен айырмаланган азыктары Орусиянын чегинде да белгилүү болуп калган. 2016-жылы Латвияда Вентспилс шаарында үчүнчү фабриканын бет ачары болгон. Pobeda Confectionery фабрикасы «Горький 72% какао» жана кантсыз шоколад деген белгилүү маркалар менен бирге шоколад жана шоколад конфеталарын өндүрүп чыгарат.

Кондитерская фабрика "Победа" в Клеменово

Компания жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Победа» кондитердик фабрикасы негизделген күндөн тартып бүгүнкүгө чейин 100% жеке капитал менен үй-бүлөлүк ишкана болуп эсептелет. Үч фабриканын жалпы өндүрүштүк аянты 43 миң м2 түзөт. Бардык өндүрүштүк процесстер автоматизацияланган. Бул болсо чыгарылган азыктардын сапатын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. 2015-жылы «Победа» компанияларынын персоналынын саны 1500ден ашуун эле. 2016-жылы Орусиядагы компаниянын кирешеси 5,6 млрд. рубль түзгөн; ал эми 1999-жылдан бери жыйналган инвестициялардын жалпы көлөмү 80 миллиондон ашуун долларды түзгөн.

Азыктардын коопсуздугу жана сапаты эл аралык сертификаттар менен тастыкталган: BRC Global Standards, FSSC 22000, ISO 22000:2005 и ISO 9001:2015.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Победа» кондитердик фабрикасынын азыктары орус жана эл аралык конкурстарда таанылган, дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланган. 72% какао камтыган ачуу шоколад, ар түрдүү каймактуу шоколад, «Победа вкуса» көпшөк шоколады үчүн «Лучший продукт – 2004» эл аралык конкурсунун лауреатынын дипломун алган. 2004-жылы.

Инновациялык технологияларды, жабдууларды жана башкаруу чечимдерин уникалдуу шоколад азыктарын өндүрүү жана илгерилетүү тармагында чыгаруу жана киргизүү үчүн Орусия Федерациясынын Соода-өнөржай палатасынын дипломун алган. 2011-жылы.

Ачуу шоколад жана кара какао менен капталган марципан менен шоколад трюфельдери, «Птица счастья» вафля конфеталары үчүн «Инновации и традиции» кондитердик азыктар эл аралык конкурсунун лауреатынын алтын медалын алган. 2013-жылы.

72% какао камтыган ачуу шоколад үчүн «Инновации и традиции» кондитердик азыктар эл аралык конкурсунун лауреатынын күмүш медалын алган. 2013-жылы.

72% какао камтыган ачуу шоколад үчүн «100 лучших товаров России» Бүткүл Орусиялык конкурсунун дипломун алган. 2016-жылы.

Ачуу шоколад жана кара какао менен капталган марципан жана майдаланган жаңгак менен италиялык трюфельдери, каймактуу шоколад менен капталган «Птица счастья» суфлеси үчүн «100 лучших товаров России» Бүткүл Орусиялык конкурсунун дипломун алган. 2016-жылы.

Каймактуу шоколад менен капталган «Птица счастья» суфлеси үчүн «100 лучших товаров России» Бүткүл Орусиялык конкурсунун «Лучшая новинка» деген дипломун алган. 2016-жылы.

Азык-түлүк товарлары, кондитердик азыктар категориясы үчүн «Товары народного потребления» аталмасында «Права потребителей и качество обслуживания» сыйлыгынын лауреаты. 2016-жылы.

Кондитердик азыктар категориясы үчүн«Лучшая торговая марка» аталмасында «Здоровое питание» сыйлыгынын лауреатынын дипломун алган. 2016-жылы.

«Победа» кондитердик фабрикасынын президенти Муравьев В.И. Орусияда «Производство» аталмасында EY «Предприниматель года 2016» эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү болгон. «Победа вкуса» соода маркасындагы 36% какао камтыган кантсыз сүт шоколады орусиялык Сапат белгиси менен сыйланган. 2017-жылы.

ММК компания жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]