Мазмунга өтүү

Погодин Николай Фёдорович

Википедия дан

Погодин Николай Фёдорович [(чын фамилиясы Стукалов) 3 (16). 11. 1900, Россия империясы, Дон аскер облусу (азыркы Ростов облусу), Гундоровский станицасы) – 19. 9. 1962, СССР, Москва шаары] – орус совет драматургу, искусствого эмгек сиңирген ишмер (1949). Чыгармалары 1920-жылдан жарыялана баштаган. Алгач «Кызгылтым таң», «Кызыл бүчүр» (1926) очерктер жыйнактары, курулушта иштеген жумушчулардын эмгегин көрсөткөн «Темп» (1929) пьесасы, «Балта жөнүндө поэма» (1930- 31) жана «Менин досум» (1932) аттуу чыгармалары жарык көргөн. Совет мамлекетинин түзүлүшү жана анын алгачкы кадамдары «Мылтыкчан киши» (1937, СССР мамлекеттик сыйлык, 1941; аты уйкаш фильм, 1938), «Кремль куранттары» (1940), «Үчүнчү патетикалык» (1958–59) аттуу үчилтигинде (Лениндик сыйлык, 1959) айкын баяндалган. Анын 1-бөлүгү («Мылтыкчан киши») кыргыз театр сахналарында коюлган. «Кубандык казактар» (1950; СССР мамлекеттик сыйлык, 1951). «Жаакташканда» (1953) комедиялары, «Жашыл рапсодия» (1961) ж. б. драмалары, ошондой эле «Янтарь шуру» (1960) романы бар. Анын айрым пьесалары кыргыз тилине которулган («Кремль куранттары», которгон А. Токтогулов; «Мылтыкчан киши» которгон К. Маликов ж. б.). Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]