Погонофоралар

Википедия дан

Погонофоралар (Pogonophora; грекче pogon – сакал жана phoros – алып жүрүүчү) – омурткасыз деңиз жаныбарлар тиби. Эки учу ачык, узун хитин түтүгүнүн ичинде жашайт. Жип сымал П-дын денеси (узундугу бир нече сжден 1 мге чейин) 4 бөлүктөн турат. Погонофоралар сууда эриген органикалык заттарды денеси, көбүнчө тинтүүрү аркылуу сиңирип азыктанат. Анын дене көңдөйү экинчилик (целом) болуп саналат, бөлүп чыгаруу мүчөсү денесинин 1-бөлүгүндө жайгашкан. Кан айлануу жана нерв системасы бар. Айрым жыныстуу. Тукум курут болгон Погонофоралар төмөнкү палеозой чөкмөлөрүнөн табылган. Бардык деңиздерде (тереңд. 20 жге чейин) кездешет. Алардын 7 тукуму, 100дөн ашык түрү белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]