Пограничниктер мөңгүсү

Википедия дан

Пограничниктер мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызыл-Суунун алабында. Башы деңиз деңгээлинен 5200 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4550 м, абляция облусунун аянты 4,4 км2. Төрдөн башталган бир нече мөңгүлөрдөн түзүлөт. Мөңгүдөн Кызыл-Суунун чыгыш курамы башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]