Подагра

Википедия дан

Подагра (грекче podagra – бут капканы) – организмде зат алмашуу бузулуп, ткандарда сийдик кислотасынын туздары чогулуп, көбүнчө муун жана бөйрөк жабыркоочу оору. Подагранын пайда болушуна негизинен зат алмашуунун тубаса бузулушу, ашыкча тамактануу, ичкилик, эт жана эт азыктарын көп колдонуу, коргошун менен уулануу, аз кыймыл-аракет түрткү берет. Натыйжада белоктордун татаал бирикмелеринин акыркы продуктулары – сийдик кислотасынын туздары (ураттар) кристалл түрүндө, дененин ар кайсы жерине чөгөт. Көбүнчө Подагра менен 40 жаштан өткөн эркектер ооруйт. Аялдарда сейрек кездешет. Ураттар кол, буттун майда муундарына чогулуп, алардын түзүлүшүн, функциясын бузат; ошондой эле териде, кулак кемирчегинде, кээде ички органдарда (мисалы, бөйрөктө) да чогулат. Подаграда буттун баш бармагынын мууну көп жабыркайт. Ал капысынан башталып, эч себепсиз буттун бармагынын мууну катуу ооруп, шишимик тартып, кызарат. Бир аз эле кыймылдаса ооруганы күчөп, чыйрыктырып, температура көтөрүлөт. Капысынан башталган ооруу бир нече сааттан бир нече күнгө созулуп, көп учурда өнөкөт түрүнө айланат. Оору күчөгөн учурда тез-тез кармайт. Подагра катуу кармаганда ичегилердин иштеши да бузулат. Өз убагында врачка кайрылуу жана эрте дарылоо оорунун күчөшүн токтотот. Аны дарылоодо сезгенүүгө каршы, ооруну басандатуучу дарылар, суюктукту көп ичүү сунуш кылынат. Ошондой эле ле ураттарды организмден чыгаруучу дарылар колдонулат. Подагранын көпкө созулган өнөкөт түрүндө физиотерапия жана курортто дарылануу сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]