Подгорный Николай Викторович

Википедия дан

Подгорный Николай Викторович (5(18). 2. 1903-11 январь, 1983) - советтик мамлекеттик жана парт, ишмер, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963, 1973). 1930- жылдан КПСС мүчөсү.


  • Жумушчу үй-бүлөсүнөн.
  • 1917-жылдан слесарь, 1921-23-ж. комсомолдун Карловка райкомунуп секретары.
  • Киев тамак аш өнөр жай технологиялык институтун бүткөндөн (1931) кант өнөр жай ишканаларында иштеген.
  • 1939-40 жана 1944-46-ж. УССР, 1940-42-ж. СССР тамак-аш өнөр жай эл комиссарынын орун басары, 1942- 44-ж. Москва тамак-аш өнөр жай технол. институтунун директору.
  • 1946-50-ж. СССР өкмөтүндө УССР Мин. Советинин туруктуу өкүлү.
  • 1950-53-ж. Украина КП Харьков обкомунун биринчи секретары,
  • 1953-жылдан Украина КП БКнын экинчи,
  • 1957-63-ж. биринчи секретары.
  • 1963-65-ж. КПСС БКнын секретары.
  • 1965-77-ж. СССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели.
  • 1952-56-ж. КПССтин Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү,
  • 1956-жылдан КПСС БКнын мүчөсү,
  • 1958-жылдан БКнын Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат,
  • 1960-77-ж. КПСС БКнын Президиумунун (Саясий бюросунун) мүчөсү.
  • СССР ЖогоркуСоветинин (4-9- шайл.) депутаты.
  • 1977-жылдан пенсияда. Беш Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.