Поддубный Иван Максимович

Википедия дан

Поддубный Иван Максимович (26. 9(8. 10). 1871 - 8. 8. 1949- орус профессионал балбаны, атлет. РСФСР эмгек синирген артисти (1939), спорттун эмгек сиңирген мастери (1945).


  • 1897-ж. цирк аренанында гир көтөргүч атлет жана орус күрөшүнүн балбаны катары, * 1903-жылдан классикалык, француз күрөшүнүн балбаны катары чыккан.
  • 1905-08-ж. (Парижде) классикалык күрөш боюнча профессионал балбандардын дүйнөлүк чемпионатында зор жеңишке ээ болгон;
  • 40 жыл бою ар кыл мелдеште бир жолу да мөрөй алдырган эмес.
  • «Чемпиондун чемпиону», «орус балбаны» делип, бүт дүйнөгө таанылган.
  • Анын боюнун уз. 184 см, салмагы 118 кг, көкүрөгүнүн курчамы 134 см болгон.
  • Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.