Подкаст

Википедия дан
Интернеттеги Подкаст усулун көрсөтчү RSS белгиси.

Подкаст – бул санариптик (digital) аудио же видео файл, же файлдардын түрмөгү.

Бул файл (файлдар) интернет аркылуу таркатылат да, ташыма (портативдик) медиа ойноткучтарда жана өздүк компютерлерде кайра ойнотулат.

Демек, интернет колдонгон кардар бул файлдарды интернеттен автоматтык түрдө көчүрүп алып, каалаган мезгилинде угуп же көрүү мүмкүндүгүнө ээ болот.

“Подкаст” деген термин iPod (башкача айтканда, АКШдагы Apple компаниясы чыгарган компютердин музыкалык ойноткучу) менен “сыналгы жана үналгы берүүсү” (broadcast) деген англисче сөздү жалгаштыруудан келип чыккан.

Подкастинг кантип иштейт?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Подкастинг RSS деп кыскача шарттуу аталган эң жөнөкөй бөлүштүрүү технологиясына (really simple syndication) негизделген. Атайын автоматташтырылган зымчаны пайдалануу менен, тийешелүү аудио же видео файл дароо эле өздүк компютерге жүктөлөт. Подкастинг үчүн атайын орнотулган программа мезгил-мезгили менен жаңыланган нерселерди көзөмөлдоп турат да, качан гана жаңы (жаңыртылган) файл табылса, аны дароо компьютерге көчүрүп жүктөп турат. МР3 форматы – подкастинг үчүн эң ыңгайлуу файл ойноткуч формат экенин айта кетели.

Кандай программалар керек?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ITunes (Ай Тюнз) – үйрөнчүктөр үчүн эң жеңил программалардын бири. Бул программаны орноткондон кийин Сиз өзүңүз кызыккан подкастинг каналына жазылып алсаңыз болот.

Кантип муну жүзөшө ашыруу керек? Анын жолу мындай - iTunes программасын ачыңыз, анын менюсундагы “Advanced” дегенге кирип, анан “подкастингге жазылуу” (“Subscribe to Podcast”) дегенди тандаңыз. Анан терезе ачылат да, ага өзүңүзгө жаккан подкаст булактын дарегине шилтемени (URL) көчүрүп алыңыз. Андан соң “ОК” дегенди бас.

Эгерде Сиз биздин подкастинг сунушубузга жазылгыңыз келсе, анда ушул беттин оң капталындагы шилтемелер тизмесин колдонуңуз.

Подкасттын аты тизмеде пайда болот. Сол бурчтун төмөн жагындагы “Settings” (“Орнотуу”) деген топчуну басыңыз.

Баса, Сиз жаңы жаздырыла турган подкастынг файлдарынын көзөмөлдөө интервалын жана компютериңиздеги сакталыш мөөнөтүн алдын-ала көрсөтүп койо аласыз. Тийешелүү каналдан көчүрүлүп алынчу файлдардын баарын каналдын аталышынын жанында жайгашкан үч бурчтук пиктограмманы басуу аркылуу көрүүгө болот.

Компютерге iPod аспабын кошкондо, компьютердин мээсиндеги iTunes программасы компютердин тулкусундагы буга чейин жазылып алынган аудио жана видео файлдарды iPod аспабына автоматтык түрдө көчүрүп койот (синхронизациялайт).

iPodder (АйПоддер) – бул программа компьютер пайдалануунун мыкты чеберлери үчүн түзүлгөн. Анын аудио жана видео материалдарды жаздырып көчүрүүдө жана сактоодо алда канча ийкемдүү механизми бар.

Мисалы, серверге көзөмөлдөөнүн так убактысын орнотууга болот. Пргорамма компютерге орнотулган соң, анын пиктограммасы Windows программасына орнотулган мезгилдик жадыбалга ылайык экранда пайда болот.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]