Подол дөңсөөсү

Википедия дан
Подол дөңсөөсү.
Подол дөңсөөсү.

Подол дөңсөөсү, Подол платосу — Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүк-батышында, Днестрдин сол жээгинде, Украинада. Эң бийик жери 471 м (Камула чокусу). Карст процесси өнүккөн. Батышында Толтра дөңсөөлөрү жатат. Айрым жерлеринде эмен жана бук токою кездешет; түштүгүндө түрдүү чөптүү-бетеге-тулаңдуу жана шалбалуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Аймагынын көп бөлүгү айдалат. Кээде Волынь дөңсөөсу менен бирге Волынь-Подол дөңсөөсү деп да аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]