Подполковник

Википедия дан

Подполковник – бир катар мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү офицердик чин. П. чини орус армиясында XVII кылымдан бери бар. Советтик Армияга 1939-жылы киргизилип, Аскер деңиз флотундагы 2-рангадагы капитан чинине туура келген. КР Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер органдарында, КР Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза аткаруу тутумунда, КР Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинде, КР бажы кызматында жана каржы полициясында сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]