Подряд келишими

Википедия дан

Подряд келишими – бир тарабы (жалдамачы) экинчи тараптын (тапшырык ээсине) тапшырмасы боюнча белгилүү ишти аткарууга, анын натыйжасын тапшырыкчыга өткөрүп берүүгө, тапшырыкчы иштин жыйынтыгын кабыл алууга жана анын акысын төлөп берүүгө милдеттенген келишим. П. к-н даярдоо же кайра даярдоо, болбосо дагы башка иштерди аткаруу менен, анын натыйжасын тапшырыкчы ээсине берүүдө турат. Буюм даярдоого түзүлгөн П. к. боюнча, жалдануучу анын укугун тапшырыкчы ээсине ыйгарат. Эгер дагы башкача каралбаса, жалдануучу өз жумушун өз материалдарынан, өз каражатынан, өз күчү менен жасайт. Жалпы эрежелер менен катар эле, КР жарандык мыйзамдарында подряд келишиминин айрым бир түрлөрү боюнча (турмуш-тиричилик подряды, курулуш подряды, долбоордук жана изилдөө иштерин аткаруу подряды) атайын эрежелер белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]