Позднеев Алексей Матвеевич

Википедия дан

Позднеев Алексей Матвеевич (1851 – 1920), орус чыгыш таануучусу, монголдордун жана калмак оозеки чыгармачылыгы боюнча адис, таанымал котормочу, профессор. Илимде монгол тилдүү элдердин жазма эстеликтерин жана монгол буддизмин (ламаизм бутагы) изилдеген көрүнүктүү окумуштуу. А.М.Позднеев 1851-жылы 27-сентябрда Россия империясынын Орел шаарында туулган. Атасы Матвей Автономович Позднеев Сретен чиркөөсүнүн протоирейи, диниятчыл, көп балалуу киши болгон. Алгач, Орёл духовный семинариясында билим алган. 1867-ж. Санкт-Петербург университетинин чыгыш тилдер факултетине тапшырган. 1876-ж. университетти аяктаган соң, Орус Географиялык Коому уюштурган экспедициянын курамында Монголия жана Кытайга саякаттап, изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1881-ж. Санкт Петербург университетинде «Образцы народной литературы монгольских племён» аттуу темада диссертациясын жактап, монголдордун оозеки чыгармачылыгынын магистри даражасын алган. Монгол тили каферасында штаттык доцент наамын алууга жетишкен. 1883-ж. “Эрдэнийн – эрихэ монгол летописи, Халханын 1636-жылдан 1736-жылга чейинки тарыхы боюнча материалдар жана комментарийлер” деген темада диссертация жасап, монгол оозеки чыгармачылыгынын доктору жаражасын алган. Изилдөөчүнүн котормолорунда енисей кыргыздары тууралу маалыматтар кездешет. 1884-ж. болсо монголдордун оозеки чыгармачылы боюнча профессор, 1889-ж. тартып маньжур тилинен дарс бере баштаган. Россияда биринчилерден болуп монголдордун наречиесиндеги (диалектилеринин) адабияттын тарыхы боюнча курс ачкан. Монголчо жазылган расмий иш-кагаздарын чечмелеп, алар боюнча окуу сабагынан дарс окуган. 1988-ж. “Монголиядагы будда монастрлары жана буддистик духовенствоснун турмушу жөнүндө очерктер” аттуу эмгеги үчүн Орус Географиялык Коомунун алтын медалына татыган. 1892-ж. Россия империясынын Тышкы иштер министрлигинин буйругу менен Монголияга командировкага болгон. Бул командировканын жыйынтыгы жемиштүү болуп, ал жактан кытай, монгол жана манжур тилинде жазылган эмгектердин кол жазмалары, бурхандар (будда скульптуралары) ж.б. диний жөрөлгөлөрдө колдонулуучу буюмдар жыйналып, СПбУнун китепканасына тапшырылып берилген. Бул иш сапардын жыйынтыгы 1896-1898-жж. Орус Географиялык Коому тарабынан басылган “Монголия жана монголдор” аттуу китепте берилген. А.М.Позднеев 1899—1903 жж. Жаңы ачылган Чыгыш университетинде директорлук кызматты аркалаган. 1903-ж. Эл агартуу министрлигине караштуу кеңештин мүчөсү болуп кабыл алынган. 1910-ж. Петербургдагы Практикалык чыгыш академиясынын директору болуп дайындалган. 1913-ж. Монгол өкмөтү А.Позднеевге Дзюнь-ван (экинчи даражадагы князь) наамын тапшырган. 1918-ж. Астрахандагы жана Ставропольдогу калмактардын арасында жашап, алардын маданиятын изилдеген. 1920-ж. каза болгон.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Астраханские калмыки и их отношение к России до начала нынешнего столетия // Журнал Министерства народного просвещения. Ч. CCXLIV. Отд. 2. 1886.
  2. Города Северной Монголии. — СПб.: Тип. B. C. Балашева, 1880.
  3. Монголия и монголы. Результаты поездки в Монголию, исполненной в 1892—1893 гг.: в 2 т. Т. 1. Дневник и маршрут 1892 г.; Т. 2. Дневник и маршрут 1893 г. — СПб.: Тип. Имп. акад. наук, 1896—1898.
  4. О древнем китайско-монгольском историческом памятнике Юань-чао-ми-ши. — СПб., 1882.
  5. Очерки быта буддийских монастырей и буддийского духовенства в Монголии в связи с отношениями сего последнего к народу. — СПб.: Тип. Имп. акад. наук, 1887.
  6. Ургинские хутухты. Исторический очерк их прошлого и современного быта. — СПб.: Тип. брат. Пантелеевых, 1880.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015