Мазмунга өтүү

Позитивизм

Википедия долбоорунан

Позитивизм (фр. positivisme; лат. positivus – оң) — философиядагы агым; бардык тараптан жактырылган чыныгы (позитивдүү) билим — атайын илимдердин жыйындысынын натыйжасы — философиянын баштапкы негизи деп эсептейт; илим Позитивизмге ылайык, дүйнөгө карата көз караш проблемаларын изилдөөчү атайын философияга муктаж эмес. 19-кылымдын 30-жылдарында О. Конт (терминди киргизген) тарабынан негизделген. Позитивизмдин эволюциясын 3 этапка бөлүшөт; «классикалык» Позитивизм (Э. Литтре, И. Тэн, Э. Ренан — Франция, Ж. С. Милль, Г. Спенсер — Улуу Британия, В. В. Лесеевич, М. М. Троицкий — Россия; эмпириокритицизм (махизм); Позитивизмдин азыркы кездеги формасы — неопозитивизм. Позитивизм 19-кылымдын 2-жарымында табигый жана коомдук илимдердин методологиясына кыйла таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]