Позитроний
Көрүнүш
Позитроний – позитрон (е+) жана электрон (е–) бөлүкчөлөрүнүн байланышкан системасы. 1951-ж. америкалык физик М. Дейч ачкан. Позитронийдин келтирилген массасы 1/2те (те - электондун массасы), ал эми өлчөмү суутек атомунун диаметринен эки эсе чоң. Позитроний позитрон атому менен кагылышканда жана атомдун электронун тартып алганда пайда болот. Позитроний негизги жана дүүлүккөн абалда боло алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9