Пойкилотермдик организмдер

Википедия дан

Пойкилотермдик организмдер – чөйрөнүн температурасына жараша өзүнүн ички температурасын өзгөрткөн муздак кандуу организмдер тобу. Ага бардык омурткасыздар, омурткалуулардан – балыктар, жерде-сууда жашоочулар, курт-кумурскалар кирет. Алардын денесинин температурасы курчаган чөйрөнүн температурасына барабар же 1–2°Сге айырма болот. Чөйрөнүн температурасы организмдердин оптималдык температурасынан жогоруласа же төмөндөсө, бул организмдер селейип калышат же өлүшөт. Организмдердин терможөндөөчү механизмдеринин жок болушу алардын нерв системасынын начар өнүгүшү жана гомойотермдик организмдерге салыштырмалуу зат алмашуунун начар жүрүшү менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]