Полиамиддер

Википедия дан

Полиамиддер – макромолекулаларынын негизги тизмегинде алифаттык жана ароматтык радикалдар менен байланышкан амид тобу –CO-NH– бар полимерлер; катуу мүйүз сымал же тунук айнек сыяктуу заттар. Полиамиддер өндүрүштө полимерлөө жана поликонденсация жолу менен алынат. Полиамиддерди синтездөө үчүн е-капролактам, адипин жана фталь кислоталары, гексаметилендиамин ж. б. кенири колдонулат. Алар ак кристалл түрүндөгү заттар (кээси илээшкек суюктук). Алифаттык Полиамиддер кеңири таралган, б. эрүү t 150–260°С, ароматтык Полиамиддердики 400°Сге жакын. Полиамиддер катуулугу, ийилгичтиги, эскирүүгө туруктуулугу, ысыкка чыдамдуулугу менен мүнөздөлөт. Химиялык жактан туруктуу, концентр. күкүрт жана кумурска кислоталарында, крезолдо ж. б. эрийт. Полиамиддер пресстөөгө, басым астында куюуга жана станоктордо иштетүүгө ийкемдүү келгендиктен, өнөр-жайыда синтездик жип, плёнка алууда, машина тетиктерин жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]