Полиандрия

Википедия дан

Полиандрия (поли... жана грекче andros – эркек, күйөө) – 1) этнографияда бир аялдын бир нече күйөө күтүшү, топ никенин сейрек кездешүүчү калдыгы. Полиандрия 19-кылымда алеуттарда жана эскимостордун айрым топторунда болгон. Түндүк Индиянын жана Тибеттин, Түштүк Американын кээ бир этностук топторунда азыр да кездешет. Анын эки формасы бар: 1) туугандарга чыгуу (Тибет), туугандык байланышы жок эркектерге чыгуу (Түштүк Индия), 2) зоологияда көбөйүү мезгилинде жаныбарлардын бир ургаачысы бир нече эркеги менен жупташуусу. Ал омурткасыздарда (деңиз жылдыздары, рак сымалдар) жана омурткалууларда (балыктар, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр) кездешет. Полиандрия канаттуулардын 6 түркүмүнө мүнөздүү. Бир эле убактагы Полиандрия учурунда бир ургаачынын аймагында 3–4 эркеги жашап, жумурткаларын басып чыгарышат. Нанду жана тинамунун бир эле эркеги бир канча ургаачысынын жумурткасын басып чыгарат, ал эми ургаачысы жумурткасын ар кайсы эркектин уяларына тууйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]