Поливинилхлорид
Поливинилхлорид [-СН2-СНС1-]п – винилхлориддин термопласттык полимери. Кадимки температурада катуу, ак түстүү зат. Дихлорэтан, хлорбензол, нитробензол, тетрагидрофуран, циклогександа эрийт. Суу (ным), кислоталар, щелочтор, туз эритмелери, нефть углеводороддору жана өнөр-жай газдарынын (NOz Cl2, S03, HF ж. б.) таасирине туруктуу. Өнөр-жайында винихлоридди суспензия же эмульсия абалында эркин радикалдык полимерлөө жолу менен алынат. Суспензия жолу менен алынган Поливинилхлорид электр өткөрбөөчү материалдарды алууда колдонулат. Винихлоридди эмульсия абалында полимерлөө суспензия жолуна караганда жеңил жана 40-50°Сде токтоосуз жүрөт. Пластификаторлордун катышуусунда жана иштетүү жолун өзгөртүүнүн негизинде Поливинилхлоридден ар кандай касиетке ээ материалдар алынат. Алардан 3000ден ашуун түрдөгү өнөр-жай материалдары алынып, электр-техникада, тамак-аш жана жеңил өнөр-жайында, машина, кеме куруу, а. ч, медицина ж. б. тармактарда пайдаланылат.[1]
Үйдө жана өндүрүштө колдонуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Поливинилхлорид полиэтиленден кийин үйдө эң көп колдонулган синтетикалык полимер. ПВХ түтүктөрү, терезе алкактары, жалюзи, пол жабуулары, ПВХ асма шыптары , отко чыдамдуу ПВХ жабуулары [2] , жана башкалар жасалат. ПВХ буюмдарын өрттөөчү жайларда өрттөө өзгөчө кооптуу, анткени бул атмосферага диоксиндерди, суутек хлоридин жана учуучу оор металл бирикмелерин бөлүп чыгарат . Короодо же бакчада ПВХ буюмдарын өрттөө дагы кооптуу деп эсептелет. Германияда ПВХНЫ колдонуу токтотулган.