Полигиния

Википедия дан

Полигиния (поли... жана грекче gyne – аял, зайып) – 1) этнографияда алгачкы жамааттык коомдун эрте мезгилинде пайда болгон көп аял алуучулук; никенин көбүнчө аталык уруулук (патриархат) доорго мүнөздүү бир формасы. Полигиниянын кийинки формалары (кээ бир мусулман элдеринде) патриархаттын үстөмдүк кылуучу артыкчылыгын көрсөтүүчү көрүнүш иретинде сакталып калган. Чыгыштын мусулман өлкөлөрүндө, бай адамдарда кезигет. Октябрь революциясына чейин Полигиния кыргыз бай-манаптар чөйрөсүнө кеңири тараган көрүнүш болгон; 2) зоологияда көбөйүү мезгилинде жаныбарлардын бир эркегинин бир канча ургаачысы менен жупташуусу. Табиятта Полигиниянын бир канча формасы белгилүү: аймактык, гаремдик жана облигаттык. Аймактык Полигиния бир канча ургаачы белгилүү аймакка ээ болуп, алар жашаган аймактын чегин белгилүү бир эркек дайыма коргоп турат. Полигиниянын мындай формасы кээ бир балыктарга, ошондой эле колония болуп жашоочу канаттууларга, суурларга жана төмөнкү приматтарга мүнөздүү. Жаныбарлардын эркектери ургаачыларын уруктанганга чейин өзүнүн жанына топтойт. Көбөйүүнүн мындай формасы гаремдик Полигиния деп аталат. Көпчүлүк калак буттууларда, кээ бир took сымалдарда жана көпчүлүк туяктууларда Полигиниянын аймактык-гаремдик формасы байкалат. Ошондой эле сүт эмүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү - викунья, зебра, кашалот, мартышкалар бир эркеги бир канча ургаачылар менен топтошуп, белгилүү туруктуу орунда жашайт, ал облигаттык Полигиния деп аталат. Полигиния коомдошуп жашоочу курткумурскаларда да байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]