Полиметалл кен таштары

Википедия дан

Полиметалл кен таштары (поли... жана металл) – пайдалуу өлчөмдөгү металлдар негизинен коргошун менен цинктен, кошундулары – жез, алтын, күмүш, кадмий, кээде висмут, калай, индий жана галийден туруучу комплекстүү кен таштар. Полиметалл кен таштарын түзүүчү 260тай минералдын негизгилери: галенит, сфалерит, көп кездешкени пирит, халъкопирит, кээде туссуз кен таштар, арсенопирит жана касситерит. Жез халькопирит түрүндө, күмүш жана висмут көбүнчө галенит менен байланышта болот. Алтын өзүнчө же галенит менен халькопиритте кошунду түрүндө кездешет. Полиметалл кен таштарынын өндүрүштүк маанидеги кендеринде баалуу компоненттердин өлчөмү бир нечеден 10% ке, кээде андан да көп болот. Алардын өлчөмүнө карай бай, орточо, жарды; запасы боюнча чакан (100-200 миң т), орто (200- 500 миң т), ири (1 млн т дан көп) кендер болуп ажыратылат. Полиметалл кен таштары түрдүү геологиялык мезгилдерде гидротерм, жанартоо-чөкмө жана чөкмө процесстердин натыйжасында пайда болот. Негизинен платформа, геосинклиналь жана ортонку массивдердеги карбонаттар менен кычкыл курамдуу жанартоо тектеринде гидротерм эриндилеринин кристаллдашуусунан жаралат. Мында Полиметалл кен таштары менен жанаша жаткан тектер гидротерм процессинен хлориттешүү, серициттешүү жана кварцташууга дуушарланып, адатта өзгөрүлөт. Шток, тарам, линза, уя түрүндө жайгашып, бир нече мден кмге чейин созулат. Кен таш минералдары туташ же чачыранды түрүндө таралат. Гидротерм кенинен башка кен таш тулкусунун үстүнкү бөлүгүнүн (100–200 ,мге чейин) үбөлөнүүсүнөн пайда болгон кычкылданган (экинчи ирет жаралган) Полиметалл кен таштары да жаратылышта белгилүү. Алар курамында церуссит, англезит, смитсонит, каламин, малахит, азурит минералдары бар темирдин суулуу кычкылынан турат. Кыргызстанда Сумсар, Ворду, Кан, Ак-Түз, Эки-Чат полиметалл кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]