Полина Гагарина

Википедия дан
Полина Гагарина

«Еврокөрүнүү-2015» ыр сынагынын жыйынында
Негизги маалымат
Толук ысымы

Гагарина Полина Сергеевна

Туулган датасы

27 -март 1987(1987-03-27) (36 жаш)

Туулган жери

Саратов, СССР

Өлкө

 Орусия

Кесиптери

ырчы, актриса, композитор, модель

Жанрлары

поп

Активдүү жылдары

2003 — азыркы учурда

Кызматташтык

Игор Крутой, Ирина Дубцова, Вика Которова, Константин Меладзе, Баста

gagarina.com

Полина Гагарина (төр. 27-март, 1987-жыл[1], Саратов, СССР) — Орусиялык ырчы, актриса, ырлардын автору, композитор, модель. 2015-жылы «Еврокөрүнүү» ыр сынагында Орусиянын атынан катышып Анда «A Million Voice» ("Миллион добуштар") аттуу чыгармасын аткарып, 2-орунду багындырган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Полина Гагарина Москва шаарында төрөлгөн. Ырчынын бала чагы Грецияда өткөн. Себеби апасы Грециянын опера жана балет театрында бийчи болуп иштеген. Кийин чоң энесинин колуна, Саратовго келип, ошол жакта жашап, окуп калган. Чоң энеси алгач эле Полинаны музыкалык мектепке киргизген. Апасынын Грециядагы театр менен болгон келишими аяктаган соң, Москвага көчүп келип кызын өз колуна алган. Москвадан Полина 14 жашында музыкалык мектепти аяктап, музыкалык окуу жайга тапшырган. 2003-жылы 2-курста окуп жүргөн кезинде "Жылдыздар фабрикасы-2" теледолбооруна катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тартып Полина Гагарина чоң сахнага кадам таштап, белгилүү ырчыга айланган. Полина Гагаринанын хитке айланган ырлары: "Колыбельная", "Я твоя", "Спектакль окончен", "Осколки" ж.б. 2015-жылы «Еврокөрүнүү» ыр сынагында Орусиянын атынан катышып Анда «A Million Voice» ("Миллион добуштар") аттуу чыгармасын аткарып, 2-орунду багындырган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Person Profile// Internet Movie Database — 1990  (англ.)