Полиплоидия

Википедия дан

Полиплоидия (гр. polyploos - көп эселенүү, eidos - түр) - өсүмдүк же айбанат клеткасындагы хромосомалардын санынын эселениши.

Ар бир өсүмдүктүн айбанаттын клеткалары туруктуу сандагы хромосомадан тураары белгилүү.

Мисалы, пияздын хромосомасы - 16, жүгөрүнүкү - 20, мышыктыкы - 60.

Клеткада бир түрдөгү хромосомалар түгөйү менен (диплоид) жайгашкан, мисалы, кишинин клеткасында 23 хромосома түгөйү менен, б. а. 23X2 = 46 хромосома бар.

Организмдин ушундай туруктуу сандагы хромосомалуу түрлөрү менен катар саны өзгөргөн хромосомалуу формалары да болот. Клеткаларындагы хромосомалар эселеп өзгөргөн түрлөрүн полиплоиддер дейт. Кээде бир эле уруунун түрлөрүндө клеткадагы бирдей хромосомалар эселенип, полиплоидиялык катарларды түзгөн учур да кездешет. Мисалы, буудайлар уруусунда бир дандуулары - диплоиддерди (2ге=14), катуу буудайлар- тетраплоиддерди (Are -= 28) түзсө, жумшак буудайлар - гексаплоиддерге (6ге=42) кирет.

Полиплоидия буудайдан башка арпа, пахта, мөмө-жемиш ж. б. өсүмдүктөрдө көп жолугат. Полиплоиддүү өсүмдүктөрдүн клеткаларынын көлөмү, ядролору, органдары ири келип, кээде өсүмдүктүн бийик болуп өсүү касиетин берет.

Тажрыйбада полиплоиддик клеткалар колхицин алкалоидинин таасири менен оңой алынат. Бул селекцияда кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.