Полисахариддер

Wikipedia дан
Cellulose-3D-vdW.png

Полисахариддер – гидролиз реакциясына кирип, олигосахариддерди жана моносахариддерди пайда кылуучу ири мол. массалуу углеводдор. Мол. салмагы бир нече миңден бир нече млнго жетет. Полисахариддер – жаныбар, өсүмдүк жана микроорганизмдерде кенири таралган эң баалуу биополимердин тобу. Полисахариддердин химиялык касиеттери аны түзгөн моносахариддердин түзүлүшүнө негизделген. Эгерде Полисахариддер бир эле моносахариддин калдыгынан (мисалы, глюкозанын) турса, гомополисахарид, эки же андан көп моносахариддин калдыгынан турса, гетерополисахарид деп аталат. Полисахариддер түзүлүштөрү боюнча түз тизмектүү (целлюлоза, амилоза), же тармактанган (амилопектин, гликоген ж. б.) түрдө болот. Түз тизмектүү Полисахариддер сууда эрибейт, ал эми тармактанганы сууда жакшы эрийт, жегичтерге туруктуу, кислоталардин таасири менен гидролизденет (ажырайт). Полисахариддер организмде эң маанилүү функцияларды аткарат. Алар биологиялык мааниси боюнча үч түргө бөлүнөт: таяныч (мисалы, целлюлоза, хитин), запастык же энергиялык (мисалы, крахмал, гликоген) жана физиологиялык активдүү (гепарин, кандагы Полисахариддер) заттар. Полисахариддердин көпчүлүгү тамак-аш жана химия өнөр-жайында кеңири пайдаланылат, өзгөчө целлюлоза, крахмал. Полисахариддер түрдүү ачытуу иштеринде, жасалма булаларды жана плёнкаларды алууда, медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]