Политехникалык окутуу

Википедия дан

Политехникалык окутуу - (гректин «поли»–көп, көпчүлүгү жана «reхvn»–искусство) – өндүрүштүн негизги тармактары жана илимий принциптери жөнүндө билим берүү жана окуучуларга зарыл болгон жалпы техникалык практикалык көнүмдөрүн калыптандыруу. Педагогикада ошондой коомдун ар тараптан өнүккөн мүчөсүн тарбиялоо процесси болуп саналат. Билим берүү системасында кайра куруунун негизги максаты окутууну өндүрүштүк эмгек, мектепти турмуш менен байланыштыруу. Мектептеги мындай өзгөрүүлөрдө политехникалык окутуу чоң роль ойногон. Экинчи жактан мектептин кайра курулушу политехникалык окутууну ишке ашырууга шарт түзгөн.

Политехникада ошондой мазмунуна, окуучуларды учурдагы өндүрүштүк илимий негиздери менен тааныштыруу: электр, жылуулук жана механикалык энергияны алуу жана колдонуу, материалды механикалык иштетүү, негизги химиялык заттарды алуу жана пайдалануу, машина таануу жана электрондук техника, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрү жана мал чарбасы менен тааныштыруу.Политехникада ошондой экономика жана өндүрүш, сырье булактары жайгашкан жерлер, эл чарбасынын системасы, аны уюштуруу жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Политехникада ошондой мазмунунда, өндүрүштө колдонулуучу ар түрдүү практикалык билгичтиктерди жана көнүмдөрдү камтыйт: өлчөө, эсептөө, эксперимент аркылуу текшерүү, конструкторлук-сызуу, кайрадан иштетүү-монтаждоо, айрым машина-аппараттарды башкаруу, агротехникалык ыкмалар. Политехникада ошондой аркылуу окуучулардын эмгектик техникалык маданиятын, жеке жана коллективдик эмгегин рационалдуу уюштурууга жетишүүгө болот.

Политехникада ошондой көптөгөн жолдор менен ишке ашырылат. Физиканы, химияны, биологияны жана башкалар жалпы билим берүүчү предметтерди окутуу мезгилинде өндүрүштөрдүн табигый-илимий негиздери ачылат, анын негизги тармактары боюнча маалыматтар берилет, түрдүү практикалык, эмгектик иш аракет көнүмдөрү калыптанат. Учурдагы өндүрүштүн жалпы мүнөзү жана негизги өнүгүү тенденциялары политехникалык окутуунун зарылчылыгын гана жогорулатпастан, аны ишке ашыруунун обьективдүү илимий негиздерин камсыз кылат. Учурдагы жаңы техникада, өндүрүштүк окутуунун политехникалык негизин түзгөн жалпы техникалык кубулуштар жана процесстер калыптанууда. Технологияда ар түрдүү өндүрүштөр үчүн зарыл болгон процесстер: майдалоо, кесүү, материалды пластикалык, электроимпульстук, ультраүндүк таасир этүү методдоруна негизделген.

Политехникалык элементтер адамдын эмгегинде да кездешет. Мисалы, рычаг, кнопка, педаль, штурвал жана башкаруу каражаттары менен болгон физикалык кыймыл; өндүрүштүк процесстин бардык циклине мүнөздүү болгон типтүү маселелерди чыгаруу боюнча акыл иш аракети.

Политехникада ошондой – тигил же бул окуу предметтеринин (химия, физика) чегинде негизги жаратылыш закондорунун жана коомдун өнүгүшүнүн негизги практикалык маселелерин чечүүдө колдонуу жолдорун окуп үйрөнүү. Ошондуктан ар бир предметтин алдында, анын өзгөчөлүгүнө жараша окуучуларды өндүрүштүн жалпы илимий принциптери, анын башка тармактары менен тааныштыруу жана алардын практикалык билгичтиктерин жана көнүмдөрүн калыптандыруу милдеттери турат. Курстун теориялык деңгээлин жогорулатуу менен политехникалык билим берүүнүн деңгээли жогорулайт. Мисалы, химиялык тең салмактуулук теориясын жана химиялык кинетиканы терең окуп үрөнүүнүн мааниси чоң, анткени практика бул эки теорияга тең бирдей таянат. Теориянын практика менен байланышын окуп үйрөнүү, окуучуларды химиянын өндүрүштө колдонулушу менен тааныштырууну жогорку деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Учурдагы өндүрүштүн илимий негиздерин ачып көрсөтүүдө өндүрүштүк-техникалык материалды тандоодо, өндүрүштүк экскурсияларды өткөрүүдө, окуучуларды жалпы политехникалык мүмкүнчүлүгүн анализдөөдө жана баалай билүүдө мугалимдин политехникалык даярдыгы жогору болуусу зарыл. Теориялык билимди өндүрүштүк маселелерди чечүүгө колдоно билүү негизги политехникалык билгичтиктерге таандык. Химияны окуп-үйрөнүү мезгилинде химиялык технологиянын законченемдүүлүктөрү, химиялык өндүрүштүн максаттары, методдору жана мүмкүнчүлүктөрү, химиялык өндүрүш эл чарбасынын негизги тармагы экендиги жөнүндөгү окуучулардын түшүнүктөрү калыптанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,