Полифония

Wikipedia дан

Полифония (поли... грекче phone – добуш, үн) – музыканын көп добуштуу түрү, бир нече добуштун кошулуп үн чыгарышы. Полифония өзүн жараткан добуштардын тең бирдей угулушунда пайда болот. Полифонияга маанилеш термин – контрапункт. Ырчылардын же аспаптардын добуштарынын айкалышы, шайкештиги ал добуштардын чогуу угулушун жөнгө салуучу гармония мыйзамдарына баш иет. Полифония гомофониялык-гармониялык көп үндүүлүктөн (добуштуулуктан) айырмаланат. Полифония чыгармада кеңири өөрчүтүлүүчү эркин обондук добуштардын биригишинен куралат. Полифониядагы добуштардын обондук-тематикалык мазмунуна жараша кошумча добуштуу Полифония имитациялык (тууроочу) жана карама-каршы добуштуу деп бөлүнөт. 12–13-кылымда полифониянын формалары (фуга, фугетта, канон, хорал, пассакалья) кыйла өзгөрүлгөн. Полифония орус, украин, грузин эл чыгармаларында көп кездешет. Полифонияны музыкада колдонуп, анын формаларын өркүндөтүп, анын классикалык үлгүлөрүн жаратышкан композиторлор: Ж. П. Палестрина, И. С. Бах, Г. Ф. Гендель, кийин В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен, М. И. Глинка. 20-кылымда орус композиторлору И. Ф. Стравинский, Н. Я. Мясковский, С. С. Прокофьев, Д. Д. Шостакович полифонияны кеңири пайдаланышкан. М. Абдраев, А. Түлөев, К. Молдобасанов, М. Бегалиев ж. б. сыяктуу кыргыз композиторлорунун чыгармаларында да полифония көп кездешет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]