Мазмунга өтүү

Полицентризм

Википедия дан

Полицентризм – азыркы типтеги адамдардын (неантроп) жер шарынын бир нече аймагында келип чыгышы жөнүндө көз караш. Полицентризм гипотезасын 1939-жылы Кытайда иштеген немец антропологу Ф. Вайденрайх киргизген. Анын пикиринде европеоид жана негроид расасы африкалык неандерталдардын базасында калыптанган. Монголоиддер – синантроптордун урпактары. Буга бардык жерде төмөнкү палеолит маданиятынын жогорку палеолит маданиятына үзгүлтүксүз өсүп өтүшүн далил катары көрсөтүүгө болот. Бул маселе алигиче бир жактуу чечиле элек. Анткени археологиялык изилдөөлөрдүн деңгээли полицентризмдин да, ага каршы турган моноцентризмдин да пайдасына чечүүгө мүмкүндүк бербейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]