Полиция

Википедия дан

Полиция (немецче Polizei) – 1) айрым мамлекеттердеги көзөмөлдөө органдарынын өзгөчө системасы. Мамлекет ичинде тартипти жөнгө салып, мамлекетке душмандык иштерди жасагандарды, мыйзам бузгандарды тартипке салуучу орган; 2) аскер полициясы – айрым мамлекеттердин (АКШ, Улуу Британия ж. б.) куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринде жолдогу кыймылды көзөмөлдөөчү кызмат; дезертирлерди кармоону, кылмыштарды тергөөнү ж. б. ишке ашырат; 3) «Полиция» термини айрым өлкөлөрдө милиция аткарган функцияларды аткаруучу органдарды атоо үчүн да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]